Аксыда экскаватор айдоочуну басып калып, ал ошол жерден каза болду

Аксыда экскаватор айдоочуну басып калып, ал ошол жерден каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя 30-ноябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Семет айылында болгон.

"Аксы районунун Суу чарба башкармалыгынын 63 жаштагы айдоочусу Семет айылында жайгашкан "Семет" каналын Хунтер үлгүсүндөгү экскаватору менен казып иштеп жаткан. Окуя болгон күнү ал экскаваторду гаражга токтотуу үчүн сайдын жээгиндеги шагылдуу жол менен айдап бара жатып жолдун жээги урап, бир дөңгөлөгү аңга түшүп кеткен. Айдоочу жерге түшүп дөңгөлөгүн карап жатканда экскаватор капталына ооп басып калып, ошол жерден каза болду", - дейт күбө.

Аталган маалымат боюнча Жалал-Абад ОИИБине байланышканыбызда окуяны тастыктап, милиция кызматкерлери жеринде кароо жүргүзүп жатышкандыгын, туугандары окуяны кокустук дешип, эч кимге доо-арызы жок экенин айтышканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagyn.91
2017-12-01 16:00:59
Жаткан жери жайлуу болсун(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан