Бишкекте окуучулук жана студенттик театрлар аралык "Русская премьера" аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуучулук жана студенттик театрлардын фестивалы Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрында орун алат. Иш-чара жазуучу, публицист Корней Чуковскийдин 135 жылдыгына арналган.
Фестивалдын программасында Чуковскийдин чыгармаларынын негизинде жазылган спектаклдерден 15 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин созулган үзүндүлөрү ойнолот. Фестивалга катышуу каалоосун 14 жамаат билдирген. Фестивалдын режиссёру жана калыстар тобунун төрагасы актёр Валерий Крайнов.
Кирүү акысыз.