11-июнь күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Kings of the Ring Bishkek-2013” деген аталыштагы кикбокстун К-1 түрү боюнча мелдеш өтөт. Анда “Спорт-баңгизатка каршы” деген ураан менен кыргыз боксчулары түркиялыктар менен беттешет. Айта кетсек, 7 спортчу өлкөнүн атынан чыкмакчы. Анын катарында Алексей Федосеев, Сталбек Дарканбаев жана Ален Офойо бар.