Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип айдоочусу жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 1-декабрь күнү саат 6:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып, жолдо бараткан башка айдоочулардын жардамы менен Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген.