Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылып кармалган 3 жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Август айында Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылып 3 жаран кармалган. Аларга 28-ноябрда Ат-Башы РИИБи тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Сагыналы Боогачиевдин айтуусунда тоо текенин этин алып бара жаткан адамдарды Ак-Сай, Арпа өрөөнүндөгү "Муз-Төр" чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте 19-августта кармашкан.
"Унааны токтотуп текшергенде ичинен 1 суур, капотунун алдынан 8 килограмм тоо текенин эти жана 3 мылтык табылган. Башында алар бул койдун эти жолдон сатып алдык дешкен. Бирок кийин тоо текенин эти экени белгилүү болду. Кармалгандардын бири "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында инженер болуп иштей турганын айткан", - дейт Сагыналы Боогачиев.
Андан сырткары ал кармалгандарга тоо теке үчүн 55 миң сом, суур үчүн 1,5 миң сом айып пул салынганын да кошумчалады.