Пакистанда террордук чабуулдан 9 студент каза болуп, 37 адам жаракат алды

Бүгүн, 1-декабрда Пакистандын Хайбер-Пахтунхва облусунун Пешавар шаарындагы террористтердин кол салуусунан айыл чарба жогорку окуу жайынын жатаканасынан 9 студент каза болуп, 37 адам жаракат алгандыгы тууралуу аталган өлкөнүн басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын арасында студенттер менен бирге чек арачы аскерлер, полиция кызматкерлери жана журналисттер да болгон. Куралчан кол салгандар атайын операциянын жыйынтыгында жок кылынган. Алар төртөө болгон.

Террорчулар таанылбоо үчүн бет кап кийип алышкан. Алар биринчи эле Пешавар шаарынын окуу жайын басып киришип кароолчусун жарадар кылып элдерге ок чыгарышкан. Имараттын ичинде 100гө жакын студент болгон. Окуучулардын көпчүлүгү диний майрамын өткөрүү үчүн үйлөрүнө кетишкен.

Бул чабуулду "Техрик-и-талибан Пакистан" террордук уюму жасагандыгын билдирди. Пакистан талибдери менен Оогандын террордук кыймылы өз алдынча иш жүргүзүшкөнү менен алардын экстремисттик максаты бир.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
islamik
2017-12-01 18:05:39
Ата энелерине сабр берсин. Жакшы ниет менен окуп жаткан студенттерге эмнеге кол салышат эми. Кыргызстаныбызда тынчтык болсун. Ар бир адамга ыйман берсин.!
+1
Nendi15
2017-12-01 18:45:55
террордук уюмдар мойнуна алды де беришет эмнеге аларга жаза жокпу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан