Кыргыз спортчусу Асел Шарбекова жаа атуу боюнча Азия чемпиондугуна катышты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн жаа атуу боюнча федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Асел Шарбекова Бангладеш өлкөсүнүн Дакка шаарында 22-30-ноябрь аралыгында өткөн жаа атуу боюнча Азия чемпиондугуна катышкан. Квалификациялык турлардын жыйынтыгында Шарбекова 61 катышуучунун ичинен 31-орунга илинген. Биринчи турда ал өзүнүн атаандашы Пайе Соне Хнинди 6:0 эсебинде жеңип алган. Бирок кийинки атаандашы кореялык Ли Иун Геонгодон 1:7 эсебинде жеңилип калган.
Оюндардын жыйынтыгында Ли Иун Геонг өзүнүн мекендеши жана атаандашы Ки Бо Бейди артта калтырып жеңүүчү аталган.