1-декабрда Александр Масляков “Планета КВН” борборунун директорлук кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымат боюнча, КВН биримдиги билдиргендей, Масляковду кызматтан кетирүү процедурасы 2017-жылдын башында эле демилгеленген. Бирок ар кандай жагдайларга байланыштуу, кээ бир бюрократиялык учурлардан улам процесс созулуп кеткенин айтышты.
Буга чейин Transparency International уюму Масляков борбордун директору болуп турганда “Александр Масляков жана компания” бирикмесине “Гавана” кинотеатрын өткөрүп жибергенин жарыялаган. 2017-жылы май айында прокуратура текшерүү жүргүзгөн. Алар иш Москванын мүлк департаменти менен макулдашылып жасалганын аныкташкан.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Александр Масляков Кыргыз-Орус ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ага "Достук" орденин тапшырган.