Кечээ, 1-декабрда Бишкек шаарынын четиндеги "Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплексинде 7 күн, 7 түн "Манас" эпосунан үзүндү айтуу маданий иш-чарасы башталды.
Уюштуруучулардын айтымында, ага өлкөдөгү 30га чукул манасчылар катышат. Алар күнү-түнү дебей эпосту баяндап берүүнү токтотпойт. Манасчылар өлкөнүн бардык аймактарынан келишкен.
Жыл сайын өтүүчү 7 күн, 7 түн "Манас" эпосун айтуу 7-декабрга чейин уланат. Анда манасчылар кезектешип бири-биринин баянын улап кетет. Улуу баянды угуп, руханий азык алам деген жарандардын баары үчүн комплекстин эшиги ачык.