Жалал-Абадда жүк ташыган унаа жол кырсыгына учурап айдоочусу жаракат алды

Ош-Бишкек унаа жолунун Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району аркылуу өткөн бөлүгүндө жүк ташыган унаа жол кырсыгына учурап айдоочусу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, окуя кечээ, 1-декабрда кечки саат 5 чамасында болгон.

"Түштүктөн түндүктү карай жүгү менен бара жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып жол кырсыгына кабылган. Натыйжада унаа оодарылып кетип айдоочусу жеңил жаракаттарды алган. Ал унаада өзү жалгыз эле болгон", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

Унаага мүшөктөп түрп жүктөп бара жатышкан. Ал эми айдоочу ооруканадан биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин эле чыгарылган. Милициядан билдиришкендей, жолдун жээгине төгүлгөн түрптү бүгүн жүктөп алып кетишмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aziret-92
2017-12-02 16:50:21
Кечээ кордум эле,ылдыйды коздой каттуу ылдамдык менен келип бурула албай калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан