“Дени сак улут – өнүккөн өлкө” аттуу республикалык мелдеште Чүй облусу жеңүүчү аталды

29-майдан 1-июнга чейин Ысык-Көл облусунда “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” аттуу республикалык мелдеш өтүп, жыйынтыгында Чүй облусу жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Ал эми 2-орун Ысык-Көл облусуна буюрса, 3-орунга Ош облусу татыктуу болду. Айта кетсек, мелдешке өлкөнүн 7 облусунан 650 спортчу катышты. Алар волейбол, жеңил атлетика, кол күрөш, футбол, ордо, тогуз коргол жана күрөш боюнча күч сынашты. Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде орун алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан