Таласта 7 жана 9 жашар кыздарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы Талас шаарында 1-декабрда саат 17:00дөр чамасында болгон.
"Ауди үлгүсүндөгү унаа дүкөндөн чыгып үйлөрүнө бара жаткан 2 окуучу кызды жолдун жээгинен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Эки кыз тең ооруканага жеткирилип, 9 жашар кыз алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон.
Милиция тарабынан айдоочуну издөө иштери жүргүзүлүп, 2-декабрда окуучу кыздарды сүзүүгө шектелип, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну кармалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, унаасы айып аянтчасына коюлганын кошумчалашты.