ӨКМ: "Кара-Көл шаарында ашканадан өрт чыгып 51 жаштагы аялдын денесинин 70 пайызы күйүк алды"

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы 3 контейнер, 1 дүкөн өрттөнүп 1 адам жабыркады. Мындай маалыматты бүгүн, 3-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, өрт тууралуу маалымат кечээ, 2-декабрда саат 16:15тер чамасында келип түшкөн.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 396-чакырымында жайгашкан жолдун боюндагы дүкөн жана 3 контейнер күйүп кеткен. Контейнерлердин бири ашкана болгон. Тилсиз жоодон 51 жаштагы аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүккө чалдыгып, ооруканага жаткырылды. Өрттү өчүрүү үчүн 3 өрт бөлүмү тартылган. Өрт саат 16:50дө чектөөгө алынып, 19:17де толук өчүрүлгөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrzaym
2017-12-03 15:24:37
ии жаман болгон экен кара кол посттогу ашкана окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан