АКШда үй-бүлө 4 айлык наристесин микротолкундуу мешке салып, эксперимент жасап көрүшкөнү үчүн камакка алынды. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, Дерик жана Микала аттуу ата-эне ымыркайын "бетине бир нерсе чыгып жатат" деген шылтоо менен ооруканага алып келишкен. Бирок баланын жүзү күйүп калганын байкаган дарыгерлер дароо жергиликтүү полицияга кабар беришкен.
Наристенин апасынын айтымында, алар сыналгыдагы жарнаманы туурап ымыркайды бир канча ирет көтөрүп, өйдө ыргытып, жыйынтыгында полго кулатышкан. Мындан улам анын баш сөөгү жабыркаган. Андан соң эксперимент жасоо иретинде микротолкундуу мешке салып көрүшкөн.
Азыркы учурда ата-эненин кылыгы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми ымыркай дарыланып бүткөн соң балдар үйүнө жиберилери айтылган.
Белгилүү болгондой, бул Дерик менен Микаланын 2-наристеси болгон. Буга чейин алар кыздуу болушуп, бирок ошол замат балдар үйүнө өткөрүп беришкен.