"Мен ашык", "Ак кептер" аталышындагы ырлары, "Туңгуюк", "Мезгил жана Алыкул" жана башка бир топ тасмалардагы ролдору аркылуу таанымал ырчы жана актриса Гүлнур Асанова SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу болот. Ал 1988-жылы Аксы районунун Кербен шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан билим алган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясын да бүтүргөн.
Муңдуу ырларды созолонто ырдаган ырчы бир канча жылдан бери комуздарды чогултуп, ошондой эле чет элге чыккан сайын магнит сатып алууну адатка айланткан.
Гүлнур Асанованын чыгармачылыгы же жеке жашоосу тууралуу сизди кызыктырган суроолор болсо узатыңыз. Жоопторду бүгүн, 6-декабрь күнү саат 15:00дө өтө турган SUPER.KG порталынын түз эфиринде ырчынын өз оозунан угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.