Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук отурумда жарыш сөздөр айтылат. Шыкмаматовго өкүм чыгышы мүмкүн.
Эске салсак, 1-декабрда Шыкмаматовдун иши каралмак. Анын ооруп жатканына байланыштуу соттук отурум бүгүнкүгө жылдырылган. Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.