Япониянын Токио шаарында 2-3-декабрь аралыгында өткөн дзюдо боюнча "Grand Slam" мелдешинде катышкан Кыргыз спортчулары байгелүү орундарга илинбей калышты.
Аталган мелдеште 65 мамлекеттен келген 445 спортчу катышып, анда кыз-келиндер жана эркектер арасында жалпы 14 медалдар топтому ойнотулган. Кыргыз өлкөсүнүн атынан 8 спортчу катышып, медалдарды жеңип алууга аракет жасаган.
Кыргыз спортчуларынын арасында алдынкы орунду Владимир Золоев гана ээледи. Ал 81 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, 7-орунга татыды.
Кыргыз спортчуларынын жыйынтыктары:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Отар Бестаев-Девид Пулкрабек (Чехия). Чехиялык дзюдочу 0:1 эсеби менен жеңип алды.
66 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Артур Те-Баул Ан (Түштүк Корея). Баул Ан таза жеңиш менен жеңип алды.
1/16 финал: Алмаз Алтынбек уулу-Патрик Вавржичек (Польша). Польшалык дзюдочу 0:3 эсеби менен жеңишке жетти.
73 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Бектур Рысмамбетов-Алонсо Вонг (Перу). Перулук спортчу 3 жолу эскертүү алган үчүн жеңип Кыргыз спортчуга ыйгарылды.
1/8 финал: Бектур Рысмамбетов-Шохеи Оно (Япония). Кыргыз дзюдочу 3 жолу эскертүү алып жеңилүү ызасын тартты.
1/16 финал: Адиль Мырзаев-Жейк Бенстед. Кошумча убакытта Кыргыз спортчусу эскертүү алып жеңилип калды.
81 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Владимир Золоев-Томас Моралес (Аргентина). Моралес 3 ирет эскертүү алган үчүн Золоев жеңүүчү болду.
1/8 финал: Владимир Золоев-Йоахим Боттеу (Бельгия). Боттеу 3 ирет эскертүү алган үчүн Золоев жеңүүчү болду.
1/4 финал: Владимир Золоев-Франк Вит (Нидерланды). Франк Вит ыкма колдонуп Золоевдин үстүнөн жеңишке жетти.
Көңүл жубатуучу беттеш: Владимир Золоев-Анри Эгутизе (Португалия). 0:1 эсеби менен португалиялык дзюдочу жеңип алды.
1/16 финал: Эрлан Шеров-Влад Висан (Румыния). 0:1 эсеби менен румыниялык спортчу жеңип алды.
100 килограммдан жогору салмак ченинде:
1/16 финал: Юрий Краковецкий-Руслан Шакбазов (Орусия). Орусиялык спортчу ыкма колдонуп Золоевдин үстүнөн жеңишке жетти.