Нарында жол кырсыгынан 6 адам жаракат алып, 1 адам каза тапты

Нарында катталган жол кырсыгынан 6 адам жаракат алып, бир адам каза тапты. Кырсык 2-декабрда болгондугун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, ошол күнү саат 21:49да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 215-чакырымынын Шопур-Булак тилкесинде Хонда C-RV үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц Спринтер унаасы кагышып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришип, алар Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Кырсыктан 6 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.

Хонда C-RV унаасындагы жүргүнчүлөр:

  1. Айдоочу 1979-жылы туулган А.М.;
  2. 1990-жылы туулган Т.М.;
  3. 2013-жылы туулган Б.Э.;
  4. 2017-жылы туулган Б.А. (каза болгон).

Мерседес-Бенц Спринтер унаасындагы жүргүнчүлөр:

  1. Айдоочу 1984-жылы туулган А.М.;
  2. 1980-жылы туулган С.Н.;
  3. 1984-жылы туулган Т.Е.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2017-12-04 09:41:59
наристени чарчап калды деп айтат 2017 болсо бир жашка жетпептир окунучтуу абайлап айдашса
+1
Asel1Aikol
2017-12-04 09:54:26
Бийликтегилер ойгоносунарбы суранабыз силерден! !!!жол кырсыгы күндөн күнгө көбөйүп жатат биздин келечегибиз кыргыздын санаа салтын урп адатын улай турган тукумдары жол кырсыгынан каза болуп жатат заматта эле наристенин жоготуп алуу ата эне үчүн оор Ата энесине сабыр берсин! !!Жол эрежелерин качан гана көзөмөлдөп катуу чара коросунор мыйзамды кучоткуло суранабыз! !!айып пулбу же болбосо жолдорго жөө отмокторду же жол чырактарын орноткула мектеп бала бакчалардын жанына ГАИ кызмат
-1
Asel1Aikol
2017-12-04 10:01:12
ГАИ кызматкерлерин койгула ошол жерде унааларды козомолдосун!жөө отмоктон бала бакчага барганда мисалы өткөрүп койушпайт айдоочулар ошолорду көзөмөлгө алып койсо жакшы болмок!Урматтуу супер инфо жол кырсыгына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик кызматматта иштегендерден кандай иш чаралар жүрүп жатканын жана алдыда кандай пландар бар экенин интервью алып бериниздерчи сураныч!Сокулуктун бала бакча мектептердин жанында эрте менен өтүү аябай эле коптуу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан