Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу депутат Алмамбет Шыкмаматов менен Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин ишин кароону 6-декабрга жылдырды.
Мындай чечим кабыл алууга айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калып сот отурумуна келбей калгандыгы себеп болду. Соттун бүгүнкү отурумунда айыпталуучу жана мамлекеттик айыптоочу тарап иш боюнча жарыш сөзгө, андан кийин айыпталуучулар акыркы сөзгө чыгышмак жана соттун өкүмүн угушмак.
Эске салсак, Шыкмаматов Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда.
Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.