ЭЛДИК ВИДЕО: Орустун белгилүү ырчысы Лолита Милявскаянын аэропорттогу бийи кызуу талкуу жаратууда

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө орустун белгилүү ырчысы Лолита Милявскаянын аэропорттордун бириндеги дүкөндүн ичинде бийлеп жаткан видеосу жүктөлдү. Ник (Chupakabra).

Видеодон ырчынын дүкөндүн так ортосуна туруп алып бийлегенин жана жанында өтүп бара жаткан адамдар аны таң калуу менен карап өтүшкөнүн байкаса болот. Кызыгы бул видеону ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Аны тез аранын ичинде эле бир топ интернет колдонуучулар көрүп, ар түрдүү билдирүүлөрдү калтырып кетишкен. Тактап айтканда, кээ бирөөлөр аны мас деп аташса, айрымдары акыл-эси айнып калган деп айыпташкан. Бирок кээ бир колдонуучулар "Унчукпай, бой көтөрүп жүргөндөн көрө бийлеп көңүл ачкан кандай сонун. Лолитанын курагындагы көптөрдүн мындай кылууга кудурети жетпейт" деп ырчыны колдоп чыгышкан. Лолита Милявская өзү бул боюнча эч кандай билдирүү тараткан эмес.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2017-12-04 12:21:44
Эми бийлесе бийледи. Да. Лолита деле адам.
0
nur8777
2017-12-04 12:48:44
Видеосу кана?
0
admin_superstan
2017-12-04 12:53:21
nur8777, саламатсызбы! Видеого шилтеме берилген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан