Чүй ОИИББи: "Патрулдук милициянын кызматкери аялы менен уруша кетип өзүнүн бөйрөгүнө бычак сайып салды"

Кара-Балта шаарында Патрулдук милициянын кызматкери өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып, бөйрөгүнө бычак сайып алды. Учурда ал райондук ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нурбек Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, Патрулдук милициянын 1990-жылы туулган Э.Н. аттуу кызматкери аялы менен чырдаша кетип өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. "Буга чейин айрым ЖМКларда Патрулдук милиция кызматкерине кол салуу болгону боюнча маалымат тарап кетти. Бул чындыкка жатпайт. Келинчегинин айтымында, экөө чырдаша кетип Э.Н. өзүнө өзү кол салып, бөйрөгүнө бычак менен сайып жиберген. Учурда райондук ооруканада жатат. Окуя болгон үйгө милиция кызматкерлери барып, далилдүү материалдарды чогултушту. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, кызматтык иликтөө жүрүп жатат", - деди Токтосунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KOCMOC
2017-12-04 12:20:09
Тообо. Сабырдуу болгулачы...
0
daniel87
2017-12-04 12:24:45
Жашоо турмуш кыйынго негизи бирок ушунчалыкка жетип кара жерге жаш эле кирип кеткенден коро ,жакшылыкча эки жолго тушкону онго туурабы?жашоо деле убактылуу жакшы бактылуу жашоого аракет кылалы
+3
Nur555n
2017-12-04 12:37:35
Менттерге эмне болгон кечээ эле бироосу атылып алды,бугун мунусу
-1
atanazarov10
2017-12-04 13:08:30
Nur555n,мент деген оозуна XXXX Бир балее болсо сразу МЕНТ дебей, байке кыргызбызго деп 2 жузду боло каласынар.
-1
Gulizat.B
2017-12-04 12:40:44
Kатын турбайбы тынчыn эле kалбаnтыр айтkанымагo тooба kылдым бирok журoтта эрkеkмин деn
-3
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-04 12:41:37
Суперде олду кетти камады деген кабарларго
0
islamik
2017-12-04 12:47:06
Жакшы кабарлар деле бар, ниетти тууралайлы, сабырдуу бололу.
0
aerforce
2017-12-04 12:54:00
оо эргул самурай болгон бираз сабырдуу болбойбу бойрок аптекада жок
+2
atanazarov10
2017-12-04 13:11:16
Менин оюмча жубайы сайып жиберген жакшы тергелиш керек.
0
gute
2017-12-04 13:34:18
Баары аялынын айынан
0
Karban86
2017-12-04 15:02:03
Байкуш аялын коргоп жатат эмнеси болсо да айыгып кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан