Бишкекте күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын кубогу өтөт

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) күрөш боюнча Өлкө кубогу өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эркин күрөш боюнча өлкө кубогу 14-15-декабрда өтсө, грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 22-23-декабрда өтөт. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан спортчулар келип күч сынашат.

Маалымдай кетсек, аталган мелдеш 2018-жылы күчкө кире турган эл аралык күрөш федерациясынын жаңы салмак категориялары боюнча чечимине ылайык өткөрүлөт.

Анда эркин күрөш боюнча мелдеште 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 килограммга чейинки салмак категориялары болсо, грек-рим күрөшү боюнча 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 килограммга чейинки салмак категориялар бар.

Мелдештердин убактысы

Эркин күрөш боюнча:

14-декабрь, саат 10:00: 57, 65, 74, 86 жана 97 килограммга чейинки салмак категориялары;

15-декабрь, саат 10:00: 61, 70, 79, 92 жана 125 килограммга чейинки салмак категориялары.

Грек-рим күрөшү боюнча:

22-декабрь, саат 10:00: 55, 63, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак категориялары;

23-декабрь, саат 10:00: 60, 67, 77, 87 жана 130 килограммга чейинки салмак категориялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан