
Белгилүү ырчы Бейонсенин жолдошу, Жей Зи (Jay Z) аты менен таанымал америкалык рэпер Шон Картер 1969-жылы 4-декабрда туулган. 1990-жылдан тарта чыгармачылыкка киришип, өз карьерасында бир канча ирет ысымын алмаштырган: Jiggaman, HOV, Hova, Jazzy жана Jay Z.

Шоу чөйрөсүндө бир канча жылдан бери жүргөнүнө карабай, атактуулуктун туу чокусуна 2003-жылы жеткен. Анда ошол кездеги сүйүктүүсү, учурдагы жубайы Бейонсе менен дуэт аткарып, чыныгы популярдуулукка ээ болгон.

Бейонсе экөө 2008-жылы баш кошушкан. 2012-жылы Блу Айви аттуу кыздуу, 2017-жылы Руми жана Сэр деген эгиз наристелердин ата-энеси болушкан.

Жей Зи тууралуу кызыктуу фактылар:
- Жей Зи интернеттеги ар бир рэп аткаруучунун видеосун көрүүдөн тажабайт. Тактап айтканда, бош убактысын рэп угуу менен өткөрөт. Эгер сиз англис тилинде рэп айтып, аны интернетке жүктөгөн болсоңуз, эртеби, кечпи айтор, бир күнү ал видеого Жей Зинин көзү түшөрүнөн шек санабаңыз;
- Рэпер жубайы Бейонсе экөө тамактануучу жайга чогуу барышса да, баары бир өз-өзүнчө киришет. Анткени эгер папараццичилер экөөнү чогуу сүрөткө тартып алышса көбүрөөк каражат табышат. Мындан улам алардын оңой жол менен каражат табуусун каалабаган түгөйлөр убактысын жөнү жок коротуп жатышканына карабай, коомдук жайларга өз-өзүнчө кирип чыгышат;
- Рэп аткаруучу үн жаздыра турган учурда башкалардай болуп текстти карап алып аткарбайт. Ал ырды толугу менен жаттап, кайсы жери айтууга оор, кайсы жерин өзгөртүү керек изилдеп чыгат. Мындан улам ыр жаздырууга келгенде бир эле жолу аткарганы жарактуу деп саналат;
- Таң калычтуусу Жей Зи мектепти аяктаган эмес;
- Бир кезде акча табуунун оңой жолун издеп баңгизатын сатуу менен алектенгенин айтып келет;
- Учурда китеп жазуу, обон чыгаруу менен гана алектенбестен, кийим жана бут кийим чыгарат. Forbes журналынын быйылкы эсептөөсү боюнча, Жей Зи менен Бейонсенин байлыгы 1,16 миллиард долларды түзөт.
4-декабрдын жылнаамасы.