Жалал-Абадда 41 жаштагы жаранды мас абалында сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Жаракат алган адам ошол жерден каза болгонун SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад-Казарман жолунун 38-чакырымында болгон.
"Айдоочу Тико үлгүсүндөгү унаасы менен Сузактын Таран-Базар айылынын 1976-жылы туулган Д.А. аттуу тургунун сүзүп кетип окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Д.А. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Кылмыш изи сууй электе шектүү катары Сузак районунун 1990-жылы туулган А. уулу М. аттуу тургуну унаасы менен райондогу Жерге-Тал айылында кармалды. Айдоочу мас абалда унааны айдап бара жатып сүзүп кеткендиги аныкталды", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.