"Медиа-порталдын" "Кинозал" бөлүмү Динара Гайбылдаева режиссёрлук кылган "Акбала" кинофильми менен толукталды.
Тасма баланы туура тарбиялоого жана ичкилик көйгөйүнө арналган. Анда аялынан ажыраган ата жаңы төрөлгөн наристеси менен жалгыз калып ичкиликке берилип кетет. Экинчи алган аялы балага эле эмес, кайнатасына да жакшы мамиле жасабайт. Баласынын ичип жүргөнүнө кейиген атанын көзү өтүп кеткенден кийин Акбала өзүн жалгыз сезип жүрүп, жардан боюн таштайт. Бул таасири күчтүү фильмде Ислам Саид, Нурбол Болотбеков, Сезимбек Кубанычбеков өңдүү буга чейин чоң тасмаларга тартылуу боюнча тажрыйбасы жок таланттар роль жаратышкан.
Режиссёрдун айтымында, кино тартуу көптөгөн кызыктуу окуялар менен коштолгон.
"Чынында тартуу учурунда бир топ кызыктуу окуялар катталган. Ал кезде бул көрүнүштөр ачуубузга тийсе, азыр жылмаюу менен эстеп калабыз. Бир күнү бийик чокудан тартыла турган эпизодду тартуу үчүн тоонун башына кыйналып чыгып, эми тартып баштасак камеранын батарейкасы өчүп калса болобу. Анан бирөөнү ат менен ылдый жактагы унаага жиберип, экинчи батарейканы алып келүүгө жибергенбиз. Ал ылдыйга түшүп, байкабастан батарейканы эмес, анын сыртындагы капчыгын эле алып чыгыптыр. Билинбестен убакыт да өтүп, жыйынтыгында тартуу иштерин кийинки күнгө калтырганбыз", - деди ал.
"Акбала" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.