Милиция Ош шаарындагы бала бакчанын жанына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштаган адамды таба элек

Ош шаарындагы Амир-Темур кичи районундагы бала бакчанын жанына ымыркайды таштаган адам табыла элек. Мындай кабарды бүгүн, 4-декабрда Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда баланын энесин издөө иштери уланууда. Ал эми наристе Ош шаардык балдар үйүнө өткөрүлүп берилген, абалы жакшы.

Эске салсак, ушул жылдын 15-ноябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Ош шаарындагы бала бакчанын жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу кабарлаган. Баланы жергиликтүү тургундар көрүп, милицияга кабар берген. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери ымыркай жаңы эле төрөлгөнүн аныктап, Ош шаардык төрөт үйүнө өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
portugalia
2017-12-04 22:25:30
Бироого зар дуйно,бироого кор дуйно.
+6
raykray
2017-12-04 23:56:25
Кантип таппайт дейм уят,! Таппайт деп таштагандар кобойот
+1
surgeon777
2017-12-05 02:20:11
raykray,мас болуп кулап кетти деп айта салуу женил вариант да чем кылмыш ишин изилдегенден..
0
surgeon777
2017-12-05 02:20:56
кечиресиздер,башка жакка жазып алдым.
0
arzygulR
2017-12-05 02:39:18
Оз канынан жаралган баланы таштаган акмак экенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан