"Өзбекстандын Кубогу” мелдешинен кыргызстандык жеңил атлеттер байгелүү кайтышты

31-майдан 1-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында “Өзбекстандын Кубогу” аттуу жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын 400гө жакын жөө күлүгү катышканын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдештин соңунда кыргызстандык Валерий Понамарёв 100 метрдик чуркоодо 1-орунду, 400 метрге чуркоодо Алексей Намуратов 1-орунду ээледи. Ал эми 1500 метрге чуркоодо мекендешибиз Эржан Аскаров күмүш медаль алды. Бийиктикке секирүү боюнча Анна Буланова коло медаль багынтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан