Литвада жоголду делген Кыргыз жараны өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Ал айдоочу болуп иштеген

Литвада айдоочу болуп иштеген Н.Х. аттуу Кыргыз жараны токмоктолуп өлтүрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жаран 28-ноябрда Каунас-Клайпеда унаа жолунда жоголгон. "Кечээ, 4-декабрда Каунас аймагынын полициясынын башкы башкармалыгы Н.Х. токмоктолуп өлтүрүлгөнүн маалымдады. Учурда тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү адам бар. Кыргыздын Беларустагы элчилиги тарабынан тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kg.arts.
2017-12-05 07:18:32
Жаткан жери жайлуу барган жери жаннат болсун. Бирок бул жанылык табышмакка окшоп калыптыр го.
+3
Shaa-82
2017-12-05 07:22:09
Эхх эрте менен эле жалан олум жанылыктарыго (((. Жаткан жерлери жайлуу болсун, бир туугандарына Аллах сабыр берсин!
+4
engel
2017-12-05 07:30:21
Ким болду экен шектуу? Жанындагы шериги эмеспи? Дальнобойщиктер жалгыз журбойт го тем более Европада?! Жаман болуптур байкуш бала чакасын багайын деп тентип журот да алыс жакта. Жаткан жери жайлуу болсун! ((
+3
isabek_kg
2017-12-05 22:20:54
engel,именно Европага каттагандар жалгыз журушот акчаны коп кеткенинен уномдойбуз деп Аллахым рахматынан берген болсун оомин
0
jbolotov
2017-12-05 12:03:05
Ушундай иштерди Абдрасуловага окшогон ХХХХ кол кабыш кылып, чет элдик органдар кандай аракет кылып атышат деп ызы чуу чыгарышса болмок, болбогон маселеге асылбай.
0
AKCAHAT
2017-12-05 19:46:23
jbolotov, Абдырасулованы эми тоогунар олсо деле ыктай бересинерго)))
+2
munduz2016
2017-12-05 14:52:32
Жакындарына Аллах Сабыр берсин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан