Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы ири эсепте Бруней курамасын жеңип алды

Бүгүн, 4-декабрда Индонезияда өтүп жаткан "Tsunami Cup-2017" футболдук мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы Бруней курама командасы менен туш келип ири эсепте жеңишке жетти.

Жаан менен коштолгон беттеште Кыргыз курамасы алгачкы мүнөттөрдөн баштап топко ээ болуп, натыйжалуу чабуул жасады. Беттештин 1-мүнөтүндө Антон Землянухин эсеп санын ачканга үлгүрдү. 32-мүнөттө команданын капитаны Азамат Байматов таамай сокку менен эсепти 2:0 кылды. 2-таймда Бруней курамасынын коргоочулары айып аянтчанын ичинде Бекжан Сагынбаевди жыгылткан соң калыс пенальти аткарууну дайындады. Пенальтини Азамат Байматов аткарып, таамай сокку менен эсепти 3:0 кылды. 60-мүнөттө Кадырбек Шаарбеков мыкты сокку менен беттештеги жыйынтыктоочу голду киргизди.

Муну менен Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы 2-ирет жеңишке жетип турнирдик жадыбалда 1-орунга көтөрүлдү.

Кийинки беттеште 6-декабрда Кыргыз курама командасы Индонезия менен кез келет.

Кыргыз өлкөсү-Бруней 4:0

Голдор: Антон Землянухин (1-мүнөттө), Азамат Байматов (32, 55), Кадырбек Шаарбеков(60).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
General.kg
2017-12-04 22:43:52
Жакшы жаңылык!!! Алгаа!!
+7
FCBMESSI
2017-12-04 22:53:52
Биринчи жолу угушум мындай мамлекетти
+5
kamanaresi
2017-12-04 23:05:56
FCBMESSI,география окубапсын демек...
+7
mir777
2017-12-04 23:12:53
FCBMESSI,мен экинчи
-2
O.dembele
2017-12-04 23:27:08
mir777,мен учунчу
-2
APCEH
2017-12-04 23:40:50
Сен Китс и Невис деген өлкөнү уккан чыгарсыз?))
0
Jigit.1982
2017-12-05 10:40:45
FCBMESSI, Брунейликтер дагы 1-жолу угушум Кыргызстанды деп жургондур.
+1
gugu2727
2017-12-04 23:08:30
Ассалом алейкум туугандар зимний шина салелек болсоңор машинанарды минбей эле койгула жолдор страшно тайгак болуп жатат
+11
tram-lam
2017-12-05 10:55:01
gugu2727,Туура, зимний менен жумушка кудайлап жатып аран келдим.
0
Kylymbek_isakulov
2017-12-04 23:14:34
Алга Кыргызстан
+3
bekov01
2017-12-04 23:52:11
Азатматтар алга!!!
+2
Baha.Kent
2017-12-04 23:57:23
Ийгилик алдынкы кадамдарга.
+2
Baiaman07
2017-12-05 00:14:08
Азаматтар алгааа
0
bosmos77777
2017-12-05 01:08:20
Алга Кыргыз!!! Ийгиликтер!!!Жигит пирим колдосун!!!
0
00AbibhanovMunarbek0045
2017-12-05 01:25:12
Менда эми уктум
-2
Asatilla.1983
2017-12-05 02:23:50
Алга
+1
daniyar93
2017-12-05 09:08:10
Азамат Биздин жигиттер
+1
Bahiya
2017-12-05 10:32:34
Алга Кыргызстан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан