3-декабрда Түркиянын Бурса провинциясында 27 жаштагы Кыргыз кыз көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан кулап каза болгонун түркиялык ЖМКлар жазышкан. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы башкы консулдук жергиликтүү полиция менен байланышып, каза болгон кыз Р.А. аттуу Кыргыз жараны экендигин аныктаганын кабарлады.
Маалым болгондой, ал Талас облусунун тургуну болгон. Учурда Бурса провинциясынын полиция кызматы кыздын өлүмүнүн себептерин аныктап жатканы, ошондой эле башкы консулдук кыздын сөөгүн Кыргыз жерине түркиялык компаниялар менен акысыз жиберүү боюнча макулдашканы айтылды.