Чүйдө 20 күн мурун малканадан жансыз денеси табылган аялдын өлүмүнө шектелип ошол күнү аны менен бирге спирт ичимдигин ичкен жаран кармалды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 10-ноябрда Сокулук РИИБине райондун Төш-Булак айылындагы малканадан болжолдуу түрдө 35-40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция каза болгон аял 38 жаштагы Ч.А. аттуу жаран экендигин аныктап, факты боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Оперативдүү издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Сокулук районунун 46 жаштагы Ц.А. аттуу тургуну кармалып, күнөөсүн моюнуна алган. Алдын ала маалыматтар боюнча экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. Натыйжада кармалган адам аялды муунтуп өлтүрүп салып окуя болгон жерден изин жашырып кеткен", - деп билдиришти ОИИББинен.
Учурда кармалган адам Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.