Кыргыз өлкөсүнүн жаш хоккейчилери АКШнын Чикаго шаарында өткөн "Barrington Ice Arena 2017" мелдешинде жеңүүчү аталды.
Аталган мелдештин финалында Кыргыз хоккейчилер "Ice Dogs" командасы менен кез келген. Буллиттер сериясында Кыргыз жаштары мыкты болуп, мелдештин жеңүүчүлөрү болду.
Эске салсак, Кыргыздын жаш хоккейчилери Чикаго шаарынын курамын 9:3 эсебинде утуп алышкан. Ал эми Чикагонун "Ice Dogs" клубуна 7:11 эсебинде утулуп калышкан.
Айта кетсек, бул мелдеш 2008-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында өтөт. Ага АКШ, Орусия, Канада өлкөлөрүнөн келген командалар да катышкан.