Йемендин экс-президенти атып өлтүрүлдү

Йемендин экс-президенти Али Абдалла Салех каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМине таянып чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалым болгондой, 4-декабрь күнү Абдалла Салех Йемендин борбору Сана шаарынан чыгууга аракеттенип жатканда снайпердин огунан набыт болду.

"29-ноябрдан бери Сана шаарында өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосунда болуп жаткан куралдуу кагылышуу токтой элек. Эки жаатка бөлүнүп кагылышкан тараптар оор согуш техникаларын да пайдаланып жатканы айтылууда. Учурда Сананын борбордук көчөлөрү жабылган. Кагылышуулардан 200дөн ашуун адам каза болгон", - деп жазышат басылмалар.

Белгилей кетсек, Али Абдалла Салех 1978-1990-жылдары Түндүк Йемендин президенти болгон. 1990-жылы Йемен Араб Республикасы менен Йемен Элдик Демократиялык Республикасы бириккенде ал президенттик кеңештин төрагасы болуп бекитилген. Төрт жылдан кийин парламент аны Йемен Республикасынын президенти кылып дайындаган. Ал Йеменди 1994-2012-жылдары башкарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
islamik
2017-12-05 10:00:48
Биздикин атпасын
+4
TalaCSKA
2017-12-05 10:25:31
Чачыраган Йемен элин бириктирип бир эл бир жер кылган адам эле .жаткан жери жайлуу топурагы топко болсун
+11
gitaris93
2017-12-05 12:20:10
Ким атты экен а АшА менен шадиевти атып берсе кыргыз эли ыраазы болот элек
Алмазбек Шадиев кылган ишинин дайыны жок депутат пример министр дагы болуп акча чонтоко батпай атыптыр
+5
meni_kut
2017-12-05 12:30:12
gitaris93,кандай адамдар бироого олум тилейт..
+5
Farhad.baku
2017-12-05 12:55:16
gitaris93,бироого олум тилегенче озуно омур тиле ыйман тиле ниетинди ондо ойлонуп суйлош керек ар бир нерсени жазарда
+7
taalay25
2017-12-05 14:53:26
gitaris93,бироого олум тилегенче озуно омур тиле! Туулгандан кийин олум ак! Шашпасан ал да келет
+3
Ak_Bulut
2017-12-05 15:17:21
gitaris93,баардык Кыргыз элим бөөдө кырсыктан алыс болуп, Кудай берген жашты жашашсын!

+2
vangolu
2017-12-06 03:48:53
Ушунун аялы аябай красавица беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан