Кадамжай райондук милициясы оор кылмышка шектелип, 13 жыл издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2003-жылы И.Т. аттуу жаран Д.Г. аттуу жаран менен уруша кетишкен. Алардын чыры оозеки урушуу менен токтобой, И.Т. ал менен чырдашкан Д.Г.ны сабаган. Д.Г. алган жаракатынан улам оор абалда Айдаркендеги аймактык ооруканага жаткырылган. Мунун кесепети Д.Г.нын ден соолугуна залал келтирген.
"Бул факт боюнча Кадамжай РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (адамдын саламаттыгына атайлап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ошол кезде 23 жаштагы И.Т.ны кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Опер кызматкерлери анын болжолдуу жүргөн жерлерин аныктап текшерип көрүшкөнү менен натыйжа болгон эмес. Анткени кылмышка шектелип издөөгө алынган жаран бул жылдар аралыгында Орусия жана Казакстандын аймагында жүргөндүгү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, 13 жылдан бери издөөдө жүргөн И.Т. ушул жылдын 29-ноябрында Кадамжай райондук милициясы тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. 23 жашында издөөгө алынган шектүү 36 жашында кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.