Орус эстрадасынын поп-падышасы Филипп Киркоров 2018-жылы Лиссабондо өтө турган "Евровидение" сынагына барат. Албетте, катышуучу эмес, катышуучулардын биринин продюсери катары. Бул тууралуу ал өзү орус басылмаларына билдирген.
"Сынакка бир ырчынын продюсери катары барам. Бирок ал биздин мамлекеттин эмес, боордош өлкөнүн атынан катыша турган ырчы. Бул боюнча мага жакында эле сунуш түшкөн. Мен макул болдум", - деген ал.
Орус маалымат булактарынын божомолдоруна таянсак, Киркоров айткан боордош өлкө Беларусь болушу мүмкүн. Анткени 2005-жылы өткөн "Евровидение" сынагына аталган өлкөнүн ырчысы Анжелика Агурбаштын продюсери катары барган.
Ал эми Филипп Киркоров өзү 1995-жылы Ирландияда өткөн "Евровидение" сынагына Орусиянын атынан катышып, 17-орунга ээ болгон.