Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын 1-курсунун студенти каза болуп, анын өлүмүнө шектелип 6 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 17 жаштагы студенттин өмүрүн алган окуя тууралуу 3-декабрда саат 10:30дар чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалымат келген.
Чакыруу боюнча шаардагы Н.Исанов көчөсүнө барган милиция кызматкерлери унаа токтотуучу жайдан жашы 18-25 жаштардагы эркек кишинин башы жарылган абалдагы жансыз денесин табышкан.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон жигит 1999-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Даркум айылында туулган С.Д. болуп чыкты. Кылмышка шектелип 6 жаран кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, кылмышка шектүүлөрдүн бири - 1992-жылы, дагы бири 1999-жылы, экөө 2000-жылы, дагы эки бала 2001-жылы туулган жарандар.
"Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү боюнча 2-декабрь күнү кечинде С.Д. мас абалында ал балдарга келип, жаңжал салган. Ошол учурда каза болгон жаранды балдар ур-токмокко алышкан. Бирок алар маркумду өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда.
Тергөөнүн жүрүшүндө ал күнү шектелип жаткан 6 бала спирт ичимдиктерин ичкендиги белгилүү болду. Студент башынан алган оор жаракатынан улам каза болгон. Учурда тергөө, иликтөө иштери уланууда", - деп кошумчалады ШИИБдин маалымат катчысы.