Түркиянын Анкара шаарында өткөн улуттук кыргыз күрөшү боюнча ачык биринчилигинде Кыргыз спортчулары 4 алтын медаль жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мелдеш 3-декабрда өтүп Кыргыз өлкөсүнөн, Казакстандан, Монголиядан, Ооганстандан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашуун балбандар катышты. Алар жети салмак категорияда күч сынашып, мыкты балбандарды аныктады.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте Кыргыз өлкөсү 1-орунду ээлесе, Казакстан 2-орунда, ал эми Монголия 3-орунду ээледи. Мелдештин жеңүүчүлөрү мактоо баракчасы, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Салмак категориялар боюнча жыйынтыктар:
65 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Баасаяр Буыржаргал (Монголия);
70 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Камбарали Хабиббулаев (Кыргыз өлкөсү);
75 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Мыкан Рамат (Казакстан);
80 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Элдияр Алымкулов (Кыргыз өлкөсү);
85 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Кадыр Хабиббуллаев (Кыргыз өлкөсү);
90 килограмм салмак ченинде:
1-орун: Максат Акылбеков (Кыргыз өлкөсү).