Футболдун күйөрмандары 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна ташталган чүчү кулактын жыйынтыгын талкуулап бүтө албай жатышса, "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналдунун күйөрмандары анын эң кичүү кызынын алгачкы фотосессиясына суктанып бүтүшө элек.
Тактап айтканда, бир ай мурун жарык дүйнөгө келген футболчунун кызы Алана Мартина апасы Жоржина Родригес менен бирге iHOLA! журналынын башкы бетине чыккан. Анда Родригес жакында эле башынан өткөргөн төрөтү, кызынын кылыктары, Роналду жана анын башка балдары менен болгон мамилеси тууралуу кенен маек берген.
"Биз үчүн кызыбызга ат тандоо абдан оор болду. Жыйынтыгында мен Алана деген атты жактырсам, Криштиану Мартина деген ысымды тандады. Мындан улам экөөнү кошуп бир ысым кылып жаздырдык", - деген ал.
Ошондой эле Родригес кичинекей балдар анын жашоосундагы эң чоң орунду ээлей турганын айткан.
"Мен балдарга абдан жакынмын. Алар менин жашоомдун эң негизги мааниси. Учурда бир эмес, төрт балага энемин. Бирок бала багуу менен чектелип калбастан, сүйүктүүм менен көптөгөн кызыктуу жерлерге барып, көңүл ачып турабыз", - деген өз маегинде.
Эске салсак, ушул жылдын 12-ноябрында Родригес сүйүктүүсүнө Алана Мартина аттуу кыз төрөп берген. Бул футболчунун 4-ымыркайы. Ал буга чейин карын энеден төрөлгөн уулу жана эгиз наристелердин атасы эле.