Орустун белгилүү алып баруучусу Андрей Малаховдун жаңы долбоору кийинки жумада эфирге чыгат

"Пусть говорят" берүүсү менен таанылган орус алып баруучусу Андрей Малаховдун жаңы автордук берүүсү кийинки жумада эфирге чыгат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "Привет, Андрей!" деп аталган телеберүүнүн алгачкы чыгарылышы 16-декабрь күнү "Россия 1" телеканалынан көрсөтүлөт. Анын алкагында берүүнүн жылдыздуу коноктору ар жумада актуалдуу болгон жаңылыктарды талкуулашат. Талкуунун ортосунда музыкалык тыныгууларга орун берилет.

Жогоруда аталган телеканалдын билдирүүсүнө таянсак, жылдыздар жалаң гана позитивдүү окуялардын алкагында талкуу жүргүзүп, өздөрү тууралуу эч ким билбеген сырларын коомчулукка жарыялап салуусу да күтүлөт.

Белгилей кетсек, Андрей Малахов 1996-жылдан бери Орусиянын Биринчи каналында эмгектенип келген. Алгач "Доброе утро" таңкы берүүсүнүн атайын кабарчысы, кийин "Большая стирка", андан соң "Пусть говорят" долбоорлорунун алып баруучусу катары таанылса, ушул жылдын август айынан тарта аталган телеканалдан кеткени маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан