Бүгүн, 5-декабрдан 6-декабрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 6 турдун оюндары ойнолот. Анда "А", "В", "С" жана "D" тайпаларындагы командалардын беттештери орун алат.
Эң кызыктуу беттеш катары "Бавария"-"ПСЖ" жана "Челси"-"Атлетико Мадрид" командаларынын оюндарын саноого болот. Андан тышкары Орусиялык "ЦСКА" конокто "Манчестер Юнайтед" менен беттешет.
Тайпадагы абал:
"А" тайпасында лидерликти "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу сактап, жалпы 12 упай топтоп алдын ала кийинки этапка жолдомо алган. 2-орунду 9 упайдан топтогон "Базель" жана "ЦСКА" талашууда. Ал эми 4-орунда упайсыз "Бенфика" командасы жайгашкан.
"В" тайпасында 4 турдун жыйынтыгында "ПСЖ" командасы 15 упай менен 1-орунда жайгашкан. Ал 2-орунда жайгашкан "Бавария" футболдук клубу менен бирге плей-офф баскычына алдын ала чыга алган. 3-орунда 3 упай менен "Селтик" жайгашса, "Андерлехт" 4 жолу жеңилүү ызасын тартып 0 упай менен 4-орунда орун алууда.
"С" тайпасында сап башында "Челси" жайгашкан, ал 5 беттеште 10 упай топтогон. 2-орунда 8 упай менен "Рома" командасы келүүдө. 3-орунда 6 упай топтогон "Атлетико Мадрид" клубу жайгашкан. Ал эми 4-орунду 2 упай менен "Карабах" клубу ээлеп келүүдө.
"D" тайпасында 5 турдун жыйынтыгында 11 упайга ээ "Барселона" клубу 1-орунда келе жатат. 2-орунда 8 упай топтоп "Ювентус" келүүдө. "Спортинг" 7 упай менен 3-орунда келе жатса, 4-орунда 1 упай менен "Олимпиакос" командасы жайгашкан.
Бардык беттештер Бишкек сааты боюнча 01:45те башталат.
"А" тайпасы
"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "ЦСКА" (Орусия);
"Бенфика" (Португалия) - "Базель" (Швейцария).
"В" тайпасы
"Бавария" (Германия) - "ПСЖ" (Франция);
"Селтик" (Шотландия) - "Андерлехт" (Бельгия).
"С" тайпасы