Бүгүн борбордо куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкуловдун үйлөнүү тою өтүүдө

Бүгүн, 5-декабрда борбордогу тойканалардын биринде куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу, алып баруучу, шоумен Манас Алыкуловдун үйлөнүү тою өтүүдө. Белгилүү болгондой, шоумендин жубайы Токтогулдун сулуусу Алина аттуу кыз. Экөө бир мектепте окуп, ал гана эмес коңшу жашашкан. Түгөйлөр 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, быйыл үйлөнүүгө бел байлашкан.

SUPER.KG порталы шоуменди куттуктоо үчүн байланышка чыкканда "бүгүн бойдокчулук менен коштошуп жатам. Чынын айтсам, бир аз толкундоо сезимдери бар" деп билдирди Алыкулов.

Баш кошуп жаткан жубайлардын үлпөт тоюна санаалаштары жана сахналаш достору Кайрат Примбердиев, Өктөм Сапар уулу, Курал Чокоев, Мирлан Баеков жана башкалар чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurkyz1977
2017-12-05 21:12:38
Ой кана суроттору,же эмне супердин кабарчыларын тоюуна чакырбай койгонбу? Башкалардын тоюунан кыскача видео жуктоп суротторун чыгарчу эленер го? Болгону ушу суротпу.
+5
Djal1987
2017-12-06 00:00:42
Ноябрь Декабрь кыйын чыкты го чекесисенен уйлондуруп.
0
Aikamon
2017-12-06 08:33:49
Куш боонор бек болсун!
Суперчилерди чакырбаса
Керек. Телефон менен
Байланышканыбызда деп
Турат ко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан