Токтогулда ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалган жаран 12 жылга эркинен ажыратылды

Токтогулда ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалган жаран 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-март күнү ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Р.Т.К. аттуу жарандын үйү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында 12 килограмм 565 грамм марихуана табылып, бул кылмыш боюнча ага айыбы угузулган. Ошондой эле иш Токтогул райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.

Токтогул райондук сотунун 2017-жылдын 28-сентябрындагы өкүмү менен Р.Т.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, Р.Т.К.га карата 3 жыл сыноо мөөнөтү белгиленген.

Бирок Токтогул райондук сотунун жогоруда аталган өкүмү менен макул болбой, Токтогул райондук прокуратурасы апелляциялык сунушу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

Жалал-Абад облустук соту 2017-жылдын 24-ноябрында ишти апелляциялык тартипте карап, Токтогул райондук прокуратурасынын сунушун канааттандырып, Токтогул райондук сотунун 2017-жылдын 28-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Р.Т.К.ны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөөсү белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazaralikarakulja
2017-12-05 23:02:08
Токтогулда тоодо осот экен анан эмне кылсын сататда Кудай Берген байлыкты
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан