5-декабрдан 6-декабрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 6 турдун оюндары орун алды. Анда "А", "В", "С" жана "D" тайпаларындагы командалардын беттештери болуп өттү.
Анын алкагында "Бавария" өз үйүндө "ПСЖны" кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңип алды. Ал эми "Челси" менен "Атлетико Мадрид" беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Орусиялык "ЦСКА" болсо конокто "Манчестер Юнайтедге" 2:1 эсебинде утулду.
Тайпадагы оюндардын жыйынтыгы:
"А" тайпасы
"Манчестер Юнайтед" (Англия) 2:1 "ЦСКА" (Орусия);
"Бенфика" (Португалия) 0:2 "Базель" (Швейцария).
"В" тайпасы
"Бавария" (Германия) 3:1 "ПСЖ" (Франция);
"Селтик" (Шотландия) 0:1 "Андерлехт" (Бельгия).
"С" тайпасы
Тайпалардагы абал:
"А" тайпасында "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу лидерликти сактап, жалпы 15 упай топтоду. Ал эми "Базель" 2-орунду камсыздап эсебинде 12 упай бар. "ЦСКАда" болсо 9 упай, "Бенфикада" 0 упай.
"В" тайпасында "ПСЖ" менен "Баварияда" 15 упайдан бар. Ал эми "Селтик" менен "Андерлехт" 3төн упай топтошту.
"С" тайпасында "Челси" менен "Рома" командасы 11ден упай топтосо, ал эми 3-орунда "Атлетико Мадрид" клубу жайгашты. Анын эсебинде 7 упай бар. 4-орунда болсо 2 упай менен "Карабах" клубу ээледи.
"D" тайпасында 6 турдун жыйынтыгында 14 упайга ээ "Барселона" клубу 1-орунду камсыздады. 2-орунда болсо 11 упай менен "Ювентус" жайгашты. "Спортинг" 7 упай менен 3-орунду, 4-орунда 1 упай менен "Олимпиакос" командасы камсыздады.