Ушул жылдын 23-30-ноябрь күндөрү Таиланддын Чиангмей шаарында шахмат боюнча Азия чемпиондугунун рейтингдик турнири болуп өттү.
Кыргыз өлкөсүнөн барган Шергалиев жана өспүрүмдөр арасында Алинур Алиаскаров коло медаль утуп алышты. Медаль үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Монголия, Филиппин, Сингапур, Непал, Япония, Бруней, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдөн келген 95 спортчу күч сынашкан.
Турнир швейцардык систем боюнча 9 тур менен өткөн.