27-31-май күндөрү Казакстандын Тараз шаарында Азия Кубогу үчүн кол күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Украина, Япония, Греция, Болгария жана Тажикстандан 300 балбан катышты. Кыргызстандын атынан 40 спортчу катышып, 4 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медаль утушту. Мелдештин жыйынтыгына Кыргызстандын кол күрөшчүлөрүнүн курама командасы Азия өлкөлөрү арасынан 2-орунду ээледи. Медаль алгандар төмөндөгүлөр:
Бахтыбек Байдаралиев - 1-орун
Александр Ли – 1-орун
Рустам Жалилов – 1-орун
Ольга Ярославцева – 1-орун
Павел Пасько – 2-орун
Замир Иманалиев – 2-орун
Евгений Лукьянов – 2-орун
Ольга Ярославцева – 2-орун
Анатолий Сахаров – 3-орун
Ольга Ярославцева – 3-орун
Наталья Лукьянова – 3-орун
Абдукерим Ловаза – 3-орун
Абдурахман Шарипов – 3-орун
Евгений Лукьянов – 3-орун.