Белгилүү Болливуд жылдызы, индиялык актёр Шаши Капур көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, индиялык 79 жаштагы артист жүздөн ашуун тасмада роль жараткан. Шаши Болливуд негизделгенден тарта кинематография жаатында кеңири таанымал болгон Капур династиясынын өкүлү. Атасы Притхвирадж Капур, агалары Раджа Капур, Шамми Капур Индия жана башка көптөгөн өлкөлөргө аты чыккан белгилүү актёрлор.
Шаши Капур "Камакта", "Коммандос", "Сүйүүнүн керемет күчү", "Чеп", "Селсаяк" жана башка тасмаларда роль жараткан.
2015-жылы Капур Индиядагы эң жогорку "Дадасахеб Фальк" атындагы сыйлыкка татыган.