"Tsunami Cup-2017": Бүгүн футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курамы Индонезиянын футболчулары менен кез келет

Бүгүн, 6-декабрда Индонезияда өтүп жаткан "Tsunami Cup-2017" футболдук мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы Индонезиянын курама командасы менен кез келет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы аталган мелдештин алкагында 2-ирет жеңишке жетип турнирдик жадыбалда 1-орунга көтөрүлгөн. Алсак, Монголияны 3:0, Брунейди 4:0 эсебинде утуп алышкан.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз курама командасы 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары катышууда.

Оюндар олимпиадалык мелдештердин эрежеси боюнча өтөт. Анда курама командадагы 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш.

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы (U-23):

Аманбек Маныбеков;

Айдар Мамбеталиев;

Атай Жумашев;

Бахтияр Дүйшөбеков;

Султан Момунов;

Эльдияр Сардарбеков.

Азат Мурзашев

Эмир Жетыбаев

Мустафа Юсупов

Азим Азаров

Сүйүнтбек Мамыралиев

Эрнист Батырканов

Кадырбек Шаарбеков

Арстан Кудайбердиев

Эржан Токотаев

Нуртай Курмантай

Аскар Салиев

Айзар Акматов

Азамат Байматов

Антон Землянухин

Павел Матяш

Азамат Өмүралиев

Башкы машыктыруучу - Игорь Кудренко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
FCBMESSI
2017-12-06 11:16:08
Ийгилик
0
grace
2017-12-06 11:46:54
Жеңиш каалайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан