Аты-жөнү: Александр Балуев
Туулган жылы: 6-декабрь, 1958-жыл
Бою, салмагы: 1 метр 87 сантиметр, 91 килограмм
Туулган жери: Москва шаары
Тартылган тасмалары: "Мусулман", "Куугунтук", "Кандагар", "Жуков", "Спецназ-2"

Белгилүү орус актёру
Александр Балуевдин атасы аскер кызматкери болгондуктан уулун дагы бул кесипти тандайт деп кыялданчу. Актёр бала чагында спортко кызыгып, бирок апасы аны театрга көп алып баргандыктан актёр болууну самай баштайт. Мектепти аяктаган соң "Мосфильм" киностудиясында жарык берүүчүнүн жардамчысы болуп жумушка орношот. Бир жылдан кийин Москва көркөм академиялык театрына тапшырып, аны бүтүргөн соң Орусиянын куралдуу күчтөрүндөгү театрда эмгектенет.
1986-жылы актёр Мария Ермолова атындагы Москва шаардык театрына которулуп, "Эркиндиктеги экинчи жыл", "Түрмөдөн алыс эмес жердеги кар" жана "Калигула" спектаклдеринде ойнойт. Ушул ролдорунан кийин ал таланттуу актёр катары тааныла баштаган. Ал кинодогу алгачкы ролдорун 1980-жылдардын ортосунда ойногон. Алгач "Егорка", "Керосинчинин жубайы" тасмаларына тартылат. Анын режиссёр Станислав Говорухиндин "Аялга бак тилегиле" тасмасындагы ролу миңдеген күйөрмандарды чогултуп, атактуулукту алып келген.

Мындан тышкары ал "Антикиллер", "Атлантида", "Олигарх", "Офицерлер", "Кандагар", "Спецназ-2", "Москва жомогу" сыяктуу белгилүү тасмаларда роль жараткан. Ошондой эле "Мусулман" киносунда жараткан ролу үчүн "Кинотавр" сыйлыгын алган. Ал эми "Империялардын кыйрашы" көркөм тасмасындагы ролу үчүн ФСБ сыйлыгына татыган. Ал орус актёрлорунун ичинен биринчилерден болуп Голливуддун кино жаратуучулары менен кызматташа баштаган. Айта кетсек, "Тынчтыкты жаратуучу" жана "Ийримге туш келүү" кинолорго тартылып, батыш элине таанылган.
Жеке жашоосу
2003-жылы актёр польшалык журналист Мария Урбановская менен баш кошкон. Түгөйлөр буга чейин 10 жыл кыз-жигит мамилесинде болушкан. Ошол эле жылы алар Мария-Анна аттуу кыздуу болушкан, бирок 2013-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен.