SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар бир жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул жума "Супер хиттин" катарын "Добулбас" тобунун солисти Ильяс Кудретовдун "Жайна" ыры толуктады. Ырчы аталган чыгармасы боюнча буларга токтолду.
"Бул клип сентябрь айынын аягында тартылган. Аткарган актёрлор өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу адамдар. Тартуу учурунда кызыктуу окуялар абдан көп болду. Алардын бирин айтсам, сценарийде үлпөт көйнөк кийген кыз менен баланын көчөдө урушкан жери бар. Ошол жерди аткаруу үчүн актёрлор даярданып жатышса, улам сайын көчөдөгү адамдар келип аларга акыл-насааттарын айтып "мындай күнгө жетпей жүргөндөр канча, урушпагыла" деп кетишет. Биз аябай күлүп, алардын баарына клип тартылып жатканын түшүндүрүп жаттык", - деди ал.
29-НОЯБРДАН 06-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Нурсултан Азыкбаевдин аткаруусундагы "Эгиз жүрөк" композициясы бул ирет эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Тотомидин Жолдошовдун "Ошко" ыры мурунку жумага салыштырмалуу аз каралып, 9-орунга ээ болду.
8-орун - Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын аткаруусундагы "Бассам, турсам" чыгармасы өткөн жумадагы көрсөткүчтөн 1 тепкичке жогорулаган.
7-орун - Мурунку аптанын жеңүүчүсү деп табылган Гүлнур Сатылганова менен Адилет Азимовдун аткаруусундагы "Болсочу" чыгармасынын кароолору бул ирет бир топко азайган.
6-орун - Айжамал Кабылованын аткаруусундагы "Ата-эне" ыры мурунку рейтингден 1 тепкичке төмөндөгөн.
5-орун - Ал эми Асеманын "Жашоо - бакыт" видеокомпозициясы өткөн аптадагы жыйынтыктан 1 тепкичке жогору көтөрүлгөн.
4-орун - Алдынкы орундардан түшпөй келе жаткан "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" чыгармасы бул ирет 4-орунда.
3-орун - Нурмат Садыровдун аткаруусундагы "Кыргыз кыздары" ыры бул аптада алдынкы үчтүккө илинген.
2-орун - Асел Кадырбекованын "Жаныңда болсом дейм" клиби мурунку жумадагы көрсөткүчтөн 1 тепкичке жогорулаган.
1-орун - Өткөн аптада жаңыдан тизмеге кошулган Мээрим Карыпованын аткаруусундагы "Күндөйүм" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме менен "Супер-хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.