ОшМУнун медициналык колледжинин 1-курсунун студентин өлтүрүүгө шектүү катары кармалган 6 жигиттин баш коргоо чарасын Ош шаардык соту карап аны өзгөртүүсүз калтырды.
Тактап айтканда, тергөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу шектүүлөрдү 2 айга тергөө абагында кармоо чечими күчүндө калды. Алар жакынкы күндөрү №5-тергөө абагына которулары белгилүү болду.
Ошондой эле эки айга созулган тергөө иши дагы улана турган болсо тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Ош шаардык соту бул мөөнөттү дагы узартарын Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кошумчалады.
Эске салсак, Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын 1-курсунун студенти каза болуп, анын өлүмүнө шектелип 6 бала кармалган. Бул тууралуу кечээ, 5-декабрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлаган.